Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

Украинадагы жикчилдер ЕККУнун байкоочуларын бошото элек


Украинанын чыгышында туткундалган Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочуларын жикчилдер «НАТОнун тыңчылары» деп жарыялашты. «Булар биздин туткундарга алмаштырылганда гана бошотулат»,- деди Донецкиде өз алдынчалык жарыялагандардын жол башчысы Денис Пушилин. Пушилин Словянск шаарында басылып алынган Коопсуздук кызматынын имаратынын алдында сүйлөдү. Бул имаратта ЕКУУнун мүчөлөрү кечээ барымтага алынгандан бери камалып турат. Орусиячыл жикчилдер канча кишини кармап турганы анык эмес. Туткундалгандардын арасында беш украин, төрт германиялык аскер менен катар, Дания, Польша, Швеция, Чех жумуриятынын төрт аскерий байкоочулары бар болчу.

XS
SM
MD
LG