Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:01

Кыргыз мушкери АКШда жеңишке жетишти


Кыргызстандык мушкер Тимур Шайлезов АКШда профессионалдар арасындагы беттеште жеңишке жетишти. Ал 25-апрель күнү Беслехем шаарында өткөн бокс боюнча турнирде Пенсильваниянын “бокс жылдызы” аталган Мигель Картагенаны 6 раунддук беттеште утуп алды.

Тимурдун жеңиши турнирге келгендер үчүн күтүлбөгөн жыйынтык болгонун АКШдагы Kyrgyz club уюмунан билдиришти.

Шайлезов ушуну менен профессионалдар арасында экинчи ирет рингге чыгып жатат. Буга чейин Гонгонгдо мушташкан. Професионалдардын сабына илингенге чейин Панамада, Никарагуада жана Орусияда ийгиликтүү беттештерди өткөргөн.

Бир ай мурун Лос-Анжелесте дагы бир кыргыз боксчусу Урмат Рыскелдиев америкалык Жамал Харристи жеңип алган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG