Ооган бийликтери берген маалыматка караганда, өлкөнүн түндүк-батышындагы төрт дубандагы селдин кесепетинен 100дөн ашык киши каза тапты. Бийликтер куткаруу иштери уланып жаткандыгын, курмандыктардын саны көп болот деп күтүлөрүн бышыкташты. Жаузжан дубанында аз дегенде 55 кишинин өлүгү табылып, 82 тургун дайынсыз болуп жатат. Бийликтер айрым аймактарга куткаруучуларды жеткире албай убара.