Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Молдова: Орусия Днестрден аскерин алып кетсин


Молдованын президенти Николе Тимофти Орусияны кайрадан Молдовадан бөлүнүп кеткен Днестр жумуриятынан аскерлерин алып кетүүгө үндөдү. "Азаттык" менен маегинде ал ошондой эле "эгер өлкө НАТОго мүчө болгондо, Молдованын келечеги толук бойдон коопсуз болмок" деди. Тимофти Орусиянын Кара деңиз аймагындагы иш-аракеттерине «олуттуу тынчсыздануу» билдирди. Ал "мурдагы советтик жумурияттардын чек араларын өзгөртүү тууралуу Москвада аскер жана стратегиялык чөйрөлөрдө сөз бар" деп орус басылмалары жазып жаткандыгын белгиледи. Молдова президенти анын өлкөсү НАТО менен «абдан жакшы» мамиледе экендигин бышыктады.

XS
SM
MD
LG