Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:16

Москвада Тешебаевдин сүрөт көргөзмөсү ачылды


Асатилла Тешебаевдин сүрөт көргөзмөсү тууралуу көрнөк. Москва, 26-апрель, 2014.
Асатилла Тешебаевдин сүрөт көргөзмөсү тууралуу көрнөк. Москва, 26-апрель, 2014.
Кыргыз кыл калем чебери Асатилла Тешебаевдин сүрөт көргөзмөсү 26-апрелде Сүрөтчүлөрдүн борбордук үйү - ЦДХда ачылды. Көргөзмөгө сүрөтчүнүн 1990-2010-жылдар ортосунда тарткан эмгектери коюлган. Ал акыркы чейрек кылымдан ашык убактан бери Ата Журтунан сыртта жашаса да сүрөттөрүнүн көбү кыргыз мотивине сугарылган. Сүрөткер ааламдашкан коомдо билинбей күчөп бараткан индивидуализмди жеке адамдын бир көз ирмемдеги кейпи аркылуу сезимге мөөр баса ачык боёктор менен тартат.
ART KY - On creativity of Asatilla Teshebaev
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:18 0:00

Асатилла Тешебаевдин сүрөттөрү менен коомчулукту биринчи жолу 1995-жылы Москвадагы биринчи Мамлекеттик галерея - Галерея Нагорная тааныштырган.

Буга чейин анын эмгектери Австриядагы, Чехиядагы жана Нью-Йорктогу атактуу Бродвейдеги галереяларда көрсөтүлгөн.

ЦДХ - Орусиядагы эң белгилүү көргөзмө жайлардын бири. Бул жерде жылына искусство, архитектура, дизайн, адабият боюнча чоң көргөзмөлөр өтүп турат.

XS
SM
MD
LG