Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:07

Кандагарда беш британ аскери набыт болду


Ооганстандагы НАТО баштаган эл аралык коопсуздук жардам күчтөрүнүн беш аскери тикучма кулаганда набыт болду. Британиянын коргонуу министрлиги бешөө тең британ жарандары экендигин бышыктады.

Тикучмалар биргелешкен командачылыгын жетектеген Ричард Фелтон кечээки кыйроону «трагедиялуу кырсык» деп мүнөздөдү. Кандагар дубанынын маалымат катчысы Зия Дуррани тикучма Тахта бул ооданында, Пакистан менен чек арадан 50 чакырым аралыкта кулап түшкөнүн билдирди. Талиптердин маалымат катчысы журналисттерге жиберген смсинде тикучманы талиптер атып түшүрдү деп ырастады.

XS
SM
MD
LG