Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

Македонияда бийликтеги партия жеңишке жетишти


Македониянын шайлоо комиссиясынын маалымдоосуна караганда, парламенттик шайлоодо бийликтеги консервативдик партия алдыда келатат. Добуштардын 50% саналгандан кийин ал партия 42.27% добушка ээ болгону айкын болду. Бул партиянын өкүлү Георге Иванов парламенттик шайлоо менен удаалаш өткөрүлгөн президенттик шайлоодо 56% добуш менен жеңишке жетишкени маалым болду.

Македониядагы оппозициялык Социал-демократиялык партия шайлоо жыйынтыгын тааныбасын, "анткени ал адилетсиз, демократиялык талаптарга жооп бербеген шартта өткөрүлдү" деп билдирген. Жергиликтүү байкоочулар шайлоочуларды ташуу фактысы орун алганын билдирди. Ал эми эл аралык байкоочулардын баасы бүгүн жарыяланмакчы. (AiT)

XS
SM
MD
LG