Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

“Кудайбергендин” соодагерлери кайрадан митингге чыкты


Бишкектеги “Кудайберген” базарынын 200дөй сатуучусу мэриянын алдына митингге чыкты. Алар соода орундарына ижара акынын эки эсе кымбатташына нааразылыгын билдирүүдө. Буга чейин аталган базардын ээси Элвира Сурабалдиева социалдык тармактагы жеке баракчасында соода орундарына баа акыркы жолу 2009-жылы көтөрүлгөнүн билдирген эле.

Монополияга каршы мекеме “Кудайбергенге” байланыштуу түшүндүрмө берип, мыйзам боюнча ижара акыны көтөрүү маселесинде базардын жетекчилиги алар менен кеңешүүгө жана бааны көтөрүү себептерин негиздеп берүүгө тийиш экенин айткан.

Азырынча мэриядан митингге чыккандар менен жолугушууга эч ким чыга элек. (КE\ZB)

XS
SM
MD
LG