Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:04

Май майрамдарында дем алыш болот

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалыматы боюнча май айындагы 1-май Эмгекчилердин тилектештик күнү, 5-май Конституция күнү жана 9-май Жеңиш күнү дем алыш деп эсептелинет. Ал эми майрам күндөрдүн алдындагы 30-апрель, 2-май жана 8-май жумуш күндөрү катары калат.

Мурдараак аталган министрлик тарабынан 1-Май, 23-февраль жана 7-ноябрды дем алыш күндөрдүн эсебинен чыгаруу демилгеси сунушталган болчу. Министрлик бул күндөрдөгү эс алуунун эсебинен жаңы жылдан кийинки каникулду узартууну сунуштаган.(КЕ)
XS
SM
MD
LG