Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

"Кудайбарген" базарындагы абал мэрияда талкууланат


Бүгүн Бишкек мэриясынын алдына чыккан митингчилердин өкүлүн шаардын Биринчи Май районунун акими Аскарбек Алиев кабыл алды. Жолугушууда маселе эки аптадан соң чечилери, ага чейин ижара акысы мурдагы баада гана төлөнөрү айтылды. Андан кийин соодагерлер мэр Кубанычбек Кулматовго жолугуп, арыз-муңун айтышты.

Бүгүн шаардагы “Кудайберген” базарынын 200дөй сатуучусу мэриянын алдына митингге чыккан. Алар соода орундарына ижара акынын эки эсе кымбатташына наарызылыгын билдирүүдө. Бишкек мэриясы маселени бүгүн түштөн кийин карамай болду. Ага соодагерлерден да өкүлдөр катышат.

Буга чейин аталган базардын ээси Элвира Сурабалдиева социалдык тармактагы жеке баракчасында соода орундарына баа акыркы жолу 2009-жылы көтөрүлгөнүн билдирген эле.

Монополияга каршы мекеме “Кудайберген” боюнча түшүндүрмө берип, мыйзам боюнча ижара акыны кымбаттатуу маселесинде базардын жетекчилиги алар менен кеңешүүгө жана бааны көтөрүү себептерин негиздеп берүүгө тийиш экенин айткан. (КE\ZB)

XS
SM
MD
LG