Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:17

Коомдук уюм Бажы биримдигине кирүү шарттарын сындады


Экономика министри Темир Сариев
Экономика министри Темир Сариев
“Кыргызстан Бажы бирлигине каршы” кыймылы өз кайрылуусунда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү шарттары жана бул боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы ачык-айкын болбой жатканы сынга алынган. Кыймылдын активисттеринин бири Аида Алымбаева Темир Сариев башында турган жумушчу топ Бажы биримдигине кирүүнүн жол картасын коомчулуктан жаап-жашырып даярдоодо деп айыптады.

Экономика министри Темир Сариев мындай дооматты четке кагып, Бажы биримдигине кирүүнүн жол картасы кызыкдар тараптар менен биргеликте ачык-айкын эле талкууланып жатканын “Азаттыкка” билдирди.

- Жол картасы боюнча өкмөттүн деңгээлинде иш жүрүп жатат. Экинчиден, буга байланыштуу талкууларга бизнес чөйрөнүн, ар кайсы бирликтин өкүлдөрү, эскперттер чакырылууда. Мына ошол талкууларга келип катышып көрбөгөн бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү ал туурасында билбесе, бул өздөрүнүн проблемасы, - деди Темир Сариев.

Анын айтымында, Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасы толук даярдалып бүткөндөн кийин коомчулуктун талкуусуна коюлат.

Бажы биримдигине Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Кыргызстандын бул уюмга кириши коомчулукта талаш-тартышты жаратып келет. Биримдикке кирүү боюнча Кыргызстандын жол картасы май айында каралары айтылган. (КЕ/KJ)

XS
SM
MD
LG