Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

Эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер көбөйдү


Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда диний көз караштан улам балдарын эмдетпеген үй-бүлөлөрдүн саны 3 миңден ашты. Бишкектеги жаңы конуштарды тейлеген 14-бейтапкананын педиатры Айнура Аманбаеванын “Азаттыкка” айтымында, катталган 310 баланын 30дайы эмдөө албай жатат.

Вакцина алуудан баш тарткан окуялар өлкөнүн башка аймактарында да кездешүүдө. Доктурлардын айтымында, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө муфтият жана жергиликтүү дин өкүлдөрү, алтургай дааватчылар да катышса түрдүү жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алса болот.

ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 5 жашка чейинки балдардын өлүмү азаюуда. Буга жеке эле дарыгерлердин өз убагында наристелерге эмдөө жүргүзүп, атайын улуттук программалардын ишке ашып жатканы эмес, акыркы мезгилде кыргыз жаштарынын билиминин артканы себеп болууда дешет адистер. (КЕ/BCh)

XS
SM
MD
LG