Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

Кумсалыкты пропагандалоого каршы мыйзам долбоору убактылуу артка чакыртылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” гомосексуалдык мамилени жайылтууга каршы мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров билдирди. Мыйзам долбоорго айрым тактоо, оңдоолорду киргизүү үчүн убактылуу гана чакыртылып алынганын эл өкүлү айтты. Мыйзам долбоордо салттуу эмес сексуалдык карым-катнаш тууралуу маалымат тараткандарды жана жыйындарга чогулгандарды кылмыш жазасына тартуу каралган. Аталган мыйзам өткөн айдын соңунда даярдалган. Авторлору - Төрөбай Зулпукуров жана Курманбек Дыйканбаев.

Кыргызстанда 1998-жылы Кылмыш-жаза кодексинен бир жыныстагы адамдардын катнашы боюнча жаза алынып салынган. Бирок укук коргоочулар кыргыз коомчулугунда сексуалдык азчылыктарга карата сабырсыз маанай басымдуулук кылаарын белгилешет. Айрым жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар мыйзам кабыл алынса кесепети оор болоорун айтып сындап жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG