Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Жалал-Абадда жер көчкү коркунучу бар жайларга көчөт отургузулууда


Облуста табият кырсыктары күтүлгөн жайларды жашылдандыруу иши улантылууда. Кооптуу саналган беш жердеги 30 гектарга 15 миңге жакын жаңгак, бадам, каражыгач, алма, өрүк көчөттөрү тигилди. Андан тышкары 500 килограмм урук себилгенин ӨКМдин облустук башкармасы 28-апрелде билдирди. Мындай жумуш жер көчкү коркунучу бар Аксы районундагы Кара-Башат, Өлөң-Булак, Топок, Сузактын Өөн, Базар-Коргондун Ооган-Талаа айылдарында жергиликтүү калктын, токой жана айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин катышуусу менен жүрүүдө.

Облуста табият кырсыгы күтүлгөн жана жашылдандырууга, жээк-айланасы тосулууга тийиш делген 62 жер аныкталган. (YA)

XS
SM
MD
LG