Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

Ошко качан газ берилери белгисиз

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин “Азаттыкка” айтымында, Өзбекстан тарап менен “Газпромдун” жетекчилиги сүйлөшүп жатат. “Элди сабырдуулакка чакырам. Бул маселе чукул арада, артка кайткыс болуп чечилет”, - деди ал.

14-апрелден тарта Ош шаарына Өзбекстандан газ келбей калган. Буга газ келишиминин мөөнөтү аяктаганы себеп болгон. 10-апрелде "Кыргызгазды" Орусиянын "Газпромуна" сатуу боюнча келишимге кол коюлган болчу.

Кыргызстан Өзбекстандан жылына 1 млрд. кубга жакын газ алат. Ошто 50 миңден ашуун абонент бар. (КЕ)
XS
SM
MD
LG