Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн Москва мамлекеттик университетинде Евразия интеграциясы тууралуу лекция окуйт. Лекция Казакстандын, Орусиянын жана Беларустун президенттери эртең Минскиде жолугаар алдында өтүп жатат.
Назарбаев, орус президенти Владимир Путин жана беларус президенти Александр Лукашенко менен бирге Евразия экономикалык биримдигин түзүү боюнча сүйлөшмөкчү. Биримдик тууралуу келишимге келерки айда кол коюлаары күтүлүп жатат. Бул уюм азыр аталган үч мамлекет мүчө болгон Бажы союзунун негизинде түзүлөөрү айтылган.
Орус жетекчилиги мурдагы Советтер союзуна мүчө өлкөлөрдү Бажы союзуна мүчөлүккө алганга аракет кылып келет. Москва келерки жылы ал уюмдун ордуна Евробиримдиктин моделине түспөлдөш Евразия экономикалык биримдигин түзөөрүн билдирген.