Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:00

Ирактагы чабуулдардан кеминде 20 киши набыт болду


Ирак армиясынын аскерлери шайлоо күнү коопсуздукту камсыздаш үчүн добушун эки күн мурун берип жатышат, Самава, 28-апрель, 2014
Ирак армиясынын аскерлери шайлоо күнү коопсуздукту камсыздаш үчүн добушун эки күн мурун берип жатышат, Самава, 28-апрель, 2014
Иракта 30-апрелде өтө турган парламенттик шайлоого эрте добуш берүү бүгүн өтүп жатат жана алгачкылардан болуп өлкөнүн армиясы менен полициясы добуш берип жатышкан. Дүйшөмбүдөгү эң эле кандуу чабуулдардын бири баш калаа Багдаддан 200 чакырымдай түндүктө жайгашкан Туз Хормато шаарында болду. Жанкечти шайлооканага бараткан жердеги текшерүү пунктунда өзүн жардырып жиберген. Ал жерде коопсуздук күчтөрүнүн алты кызматкери мерт болгону кабарланууда.

Киркук шаарында да жанкечти өзүн шайлооканага жакын жерде жардырып, алты полисмен набыт болду. Чабуулдар Багдадда жана түндүктөгү Мосул шаарында да болгону айтылууда.

XS
SM
MD
LG