Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Словакия Украинага газ берүү боюнча келишимге кол койду


Украинанын "Укртрансгаз" ишканасы менен Словакиянын Eustream компаниясы меморандумга кол коюшту, Братислава, 28-апрель, 2014
Украинанын "Укртрансгаз" ишканасы менен Словакиянын Eustream компаниясы меморандумга кол коюшту, Братислава, 28-апрель, 2014
Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин Украина Орусиянын “Газпром” ишканасынан көз карандылыгын азайтыш үчүн жаратылыш газын башка булактардан алууга аракет кылып келатат. 26-апрелде Киевде жетишилген келишимге ылайык, Словакия Киевге быйыл күздөн тарта азыр колдонулбай турган түтүк аркылуу 8 млрд.куб/метр газ жибере баштайт. Тийиштүү меморандумга бүгүн Братиславада кол коюлду.

Украина жылына 55 млрд.куб/метр газ керектейт. Ошондуктан Словакиядан газдын көлөмүн көбөйтүүнү суранган. Бирок Словакия азыр Орусиянын "Газпром" компаниясы менен башка келишими бар экенин айтып, ага каршы аракет кыла албастыгын билдирди. Азыр расмий Киев Орусиядан көгүлтүр отун боюнча көз карандылыгын азайтыш үчүн Венгрия жана Польша менен да ушуга окшош келишимдерге жетишти.

XS
SM
MD
LG