Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Назарбаев: Евразия биримдиги СССРдин реинкарнациясы эмес


Нурсултан Назарбаев (оңдо) Владимир Путин (ортодо) жана Александр Лукашенко менен Эртең президенттер Минск саммитинде Евразия экономикалык биримдиги тууралуу сүйлөшөт, 5-март, 2014
Нурсултан Назарбаев (оңдо) Владимир Путин (ортодо) жана Александр Лукашенко менен Эртең президенттер Минск саммитинде Евразия экономикалык биримдиги тууралуу сүйлөшөт, 5-март, 2014
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн Москва мамлекеттик университетинде Евразия интеграциясы тууралуу лекция окуп, Евразия биримдиги “СССРдин реинкарнациясы эмес” деди. Ал Казакстан - Орусиянын кызматташтыгын “коңшу мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын үлгүсү” катары сүрөттөп коргоду. “Коңшуну эч ким тандабайт, аларды кудай кошот, демек, ыктымакта жашаганга аракет кылышыбыз керек”, - деди Назарбаев.

Лекция Казакстандын, Орусиянын жана Беларустун президенттери эртең Минскте жолугаар алдында өттү. Назарбаев, орус президенти Владимир Путин жана беларус президенти Александр Лукашенко менен бирге Евразия экономикалык биримдигин түзүү боюнча сүйлөшмөкчү. Биримдик тууралуу келишимге келерки айда Астанада кол коюлат деп күтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG