“Сорос-Кыргызстан” фондунун маалымдоосуна караганда, бүгүн Бишкектеги “Урмат ордо” мейманканасында Кыргызстанда ачык билим берүү ресурстарын түзүү маселеси боюнча тегерек стол жыйын болот. Анда ачык билим берүү ресурстарын түзүүнүн келечеги жана абалы, алгачкы иликтөөлөрдүн жыйынтыгы талкууга коюлат.
Ачык билим берүү ресурстары билим берүү жана алууда, илимий изилдөөлөр жүргүзүүдө керектелчү материалдарды, илимий эмгектерди ачык пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүү максатын көздөйт. Бул долбоорду “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду сунуштаган. (AiT)