Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Азербайжанда адам укуктарын коргогон активисттер кармалды


Активисттер Лейла Юнус жана анын жолдошу Ариф Юнус Бакудан Доха шаарына учаар алдында кармалган. Лейла Юнустун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, атайын кызматтардын өкүлдөрү келип, алар өлкөдөн чыга албасын билдирген. Ал ошондой эле аэропортко келген адвокаты Халид Багиров менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын маалымдаган.

Багиров өз кезегинде Юнустардын кармалыш себебин Түркиядан экстрадицияланып, Бакуда кармалган журналист Рауф Миркадыровдун иши менен байланыштырууда. Миркадыров Армения пайдасына тыңчылык кылган деп айыпталууда.

Тынчтык жана демократия институтунун жетекчиси Юнус адамдар ортосундагы дипломатия жүргүзүү үчүн Армениядагы кесиптештери менен байланышта болгон. (AiT)

XS
SM
MD
LG