Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

Шойгу: Орусия Украинага бастырып кирбейт


Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу АКШнын коргоо министри Чак Хейгел менен 28-апрелде телефон аркылуу сүйлөшүүдө билдирген. Шойгу ошондой эле орус аскерлери машыгуудан кийин өз ордуна кайтарылганын, бул Украина бийлиги “куралсыз калкка куралдуу күчтөрдүн бөлүктөрү колдонулбасын” билдиргенден кийин ишке ашырылганын маалымдаган.

Орус министри НАТОнун аскерлери Орусия чек арасына жакын аймактарда болуп көрбөгөндөй активдүүлуктү көрсөтүп жатканын кошумчалаган. Орусия менен Украина ортосундагы чыңалууга байланыштуу Эстонияда аскердик машыгуу үчүн 150 АКШ аскери 28-апрелде келген. Жалпысынан Польша жана Балтика жээгиндеги мамлекеттерге Кошмо Штаттар жөнөткөн аскерлердин саны 600гө чейин барды. (AiT)

XS
SM
MD
LG