Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Кыйноого каршы борборду акыйкатчыга кошуу сунушталды


Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду акыйкатчынын ишмердүүлүгүнө кошуу сунушталды. Мындай сунуш менен бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова чыкты. Анын айтымында, аталган эки орган бир милдетти аткарып жатат жана мунун айынан бюджеттик каражат максатсыз пайдаланууда. Депутат эки органды бириктирип, каржылоону күчөтүү керектигини билдирип чыкты.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор былтыр түзүлгөн. Ал абакта жана башка кыйноо фактысы катталган жерлерде алдын ала эскертпестен, күтүүсүз текшерүү жүргүзүүгө укуктуу жана кол тийбестик мандаты бар. Борбордун координациялык кеңеши 11 адамдан турат. Алардын бири парламенттеги оппозициядан болсо, бири башкаруучу коалиция өкүлү, 8 мүчөсү коомдук уюмдар менен жарандык коомдон, 1 адам акыйкатчынын өкүлү.(BkA)

XS
SM
MD
LG