3-майда Казакстандын борбору Астанада улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракеси белгиленет. Аны Казакстандагы кыргыздардын “Кыргызстан-Астана” уюму өткөрүүдө. Акындын чыгармаларынан үзүндү окулуп, көргөзмөлөр өтөт. Ошондой эле Токтогулдун чыгармаларынын казак тилиндеги жыйнагы басылып чыгат.
Быйылкы жылды эл аралык "Түрксой" уюму Токтогул Сатылганов жылы деп жарыялаган болчу.(BkA)
Быйылкы жылды эл аралык "Түрксой" уюму Токтогул Сатылганов жылы деп жарыялаган болчу.(BkA)