Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:28

Беларуста сегиз активист соттолду


Беларуста оппозициянын сегиз активисти 15 күндөн 25 күнгө чейин эркинен ажыратылды. Алар 26-апрелде Чернобыль атомдук станциясында 1986-жылы болгон кырсыктын курмандыктарын эскерген жыйынга катышкандан кийин камакка алынган болчу. Минск шаардык соту аларды уруксат берилген маараке кезде бейбаштык жасады, полицияга моюн толголду деп тапты. 25 күнгө эркинен ажыратылган Юрий Рубцов сот өкүмүнө каршы ачкачылык жарыялады.

Чернобылдагы атомдук алааматтын курмандыктарын эскерүү Минскиде 1988-жылдан бери үзбөй өткөрүлөт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 2005-жылкы маалыматы боюнча Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен бардыгы болуп 4 миңдей адам жайран болушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG