Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Иракта бомбадан өлгөндөрдүн саны 15 адамга жетти


29-апрелде Саадия шаарында удаа-удаа жарылган бомбалардан бери дегенде 10 адам өлүп, 20 киши жарадар болгонун Ирактын коопсуздук кызматы менен дарыгерлер маалымдады. Саадия Ирактын түндүгүндөгү талаштуу шаар. Күрт автономиясы борбордук өкмөттүн каршылыгына карабай аны өзүнө кошуп алууга аракеттенип жүрөт.

Бир күн илгери, 28-апрелде Саадияга коңшулаш Канакин шаарчасында жанкечти жардырган бомба 30 адамдын өмүрүн алган.

Ирак өтө кандуу мезгилди баштан кечирүүдө. Жыл башынан бери түрдүү калабада 3 миңге чукул адамдын өмүрү кыйылды.

Эртең, 30-апрель Иракта парламенттик шайлоо күнү. Шиит көпчүлүгү колдогон премьер-министр Нури Малики үчүнчү мөөнөт бийликте калууга аракеттенүүдө. Сынчылары Маликини бийликти монополиялап алды, аз улуттарды кысууда деп күнөөлөшүүдө.

XS
SM
MD
LG