Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

Холдер: Украинадан уурдалган байлык кайтарылат


Лондондо Украинанын бийликтен оодарылган президенти Виктор Янукович кезинде өлкөдөн уурдалган мал-дүйнөнү кайтаруу боюнча эки күндүк жыйын башталды. Жыйын Украинанын мүлкүн ордуна коюу форуму тарабынан уюштурулууда.

Бир катар өлкөлөр кирген эл аралык уюмду Британия жана АКШ жетектейт. АКШнын башкы прокурору Эрик Холдер жыйын алдында кабарчыларга: "Вашингтон өз союздаштары менен чогуу Янукович тушунда уурдалган мүлк-дүйнөнү таап, украин элине кайтаруу үчүн бар аракетин жасайт" деди:

- Биз Украинанын дүнүйөсүн уурдагандарды жоопко тартуу жана бул мүлк украин элине кайтарылып, туура пайдаланылуусу үчүн чечкиндүү аракет кылабыз.

Лондондогу жыйынга Британиянын ички иштер министри Тереза Мэй, Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков, эл аралык уюмдар менен финансылык борборлордун өкүлдөрү, прокурорлор катышууда.

XS
SM
MD
LG