Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:39

Оторбаев Медведев менен жолукту


Кыргызстандын жана Орусиянын өкмөт башчылары Жоомарт Оторбаев менен Дмитрий Медведев Москвада жолугушуп, кызматташтык маселелерин талкуулап жатышат. Эки тараптуу кызматташтыктын азыркы жагдайларын премьер-министрлер бир аздан кийин кеңири чөйрөдө да талкуулашат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Гүлнура Төралиева билдирди.
Ж. Оторбаев мурдараак “Газпром” ишканасынын башчысы Алексей Миллер менен жолугушуп, “Кыргызгаз” ишканасын сатып алуу боюнча келишимди аткарууга, “Газпромдун” Кыргызстанга салчу инвестицияларына байланышкан маселелерди талкуулашкан.
Жоомарт Оторбаев премьер-министрлик кызматка 4-апрелде расмий киришкен. Москвага ал өкмөт башчы катары иш сапар менен биринчи жолу барды. (BkA/AzK)

XS
SM
MD
LG