Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:37

Бала асыроо боюнча жети чет өлкөлүк уюм катталды


Социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандык балдарды асырап алуу боюнча иш алып барган чет элдик 7 уюмду жаңыдан каттады. Алардын бирөө Швецияга, алтоо Кошмо Штаттарга таандык. Ошондой эле министрлик испаниялык 1, америкалык 4 уюмду каттоодон баш тартты. Дагы 4 уюмдун арызын текшерүү уланууда. Министрликке жалпысынан балдарды асыроо менен алектенген чет элдик 17 уюм арыз берген. Бул тууралуу "Азаттыкка" Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

2012-жылы токтотулган балдарды чет өлкөлүктөргө асыроого берүү ишмердиги быйыл жаңы жобонун негизинде кайрадан жанданды. Бала асыроону токтотууга Социалдык өнүктүрүү министрлигиндеги чуулгандуу коррупциялык иштер негиз берген. (BkA)

XS
SM
MD
LG