Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:55

Лейла Юнус Бакуда камакка алынды


Азербайжандык таанымал адам укугун коргоочу Лейла Юнус күйөөсү Ариф Юнус менен кошо Баку аэропортунда камакка алынды. Жубайлар Дохага учканы жатышкан. Лейла ханум менен кездешүүгө уруксат берилбегенин анын адвокаты Халид Багиров “Азаттык” радиосуна билдирди. Багировдун айтымында, Лейла Юнус 20-апрелде Армениянын пайдасына шпиондук кылды деп, Түркиядан өткөрүлүп алынар замат камакка алынган журналист Рауф Миркадыровго байланыштуу кармалышы этимал.

Лейла Юнус Бакудагы өзү түптөгөн Тынчтык жана демократия институтун жетектечү жана көп жылдардан бери армениялык өнөктөштөрү менен элдик дипломатия аркылуу эки эл арасындагы мамилени жакшыртууга салым кошуп жаткан.

Эл аралык Human Rights Watch уюму 29-апрелдеги билдирүүсүндө Лейла жана Ариф Юсуфтун чет элге чыгышына “эч нерсе жолтоо боло албайт” деп айтылат.
АКШ Мамкатчысынын демократия, адам укуктары жана эмгек боюнча жардамчысы Том Малиновский “Азаттык” радиосунун Азербайжан кызматына телефондон берген интервьюда: ”Бул стабилдүүлүккө жетүүнүн жолу эмес. Жарандык коом куугунтукталып, өкмөттүн саясатын тынч сындаган адамдар жазаланган кезде, коомдо бейстабилдүүлүк күчөйт жана улуттук өкмөттөр каршы турчу ар кандай зулумдукка жана экстремизмге от ташталат,”- деди.

XS
SM
MD
LG