Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баевтовдун сөзүнө караганда, быйыл Тажикстандан 500 млн. кВт саат электр энергиясын сатып алуу максатка ылайыктуу болот. Бул маселени расмий түрдө чечүүгө киришүү үчүн өкмөттүн чечими болуп, тажик тарап менен сүйлөшүү жүргүзүлүш керек. Азыркы кезде Токтогул суу сактагычында суу 8.5 млрд. куб метрден азайып, өлкөнүн энергетика тармагы оор кырдаалга туш болору айтылууда. (AiT)