Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:00

Владимир Путин: Украинада орус аскерлери жок


29-апрелде Евразия экономикалык кеңешинин Минскидеги жыйыны тууралуу маалымат берген президент Владимир Путин "Украинада Орусиянын атайын кызматы, аскерлери жок" деди. Анын айтымында, Батыш өлкөлөрү Украинадагы проблемаларды козгоп алып, эми ага жооптууну таппай, Орусияга санкцияларды киргизүүдө. Орус өкмөтү бул санкцияларга каршы чараларды иштеп чыкты. Бирок азырынча аларды кабыл алуунун зарылчылыгы жок. Эгерде санкциялар уланса Орусия энергетикалык долбоорлорго батыш компанияларынын катышуусун карап көрөт, деп кошумчалаган Владимир Путин. (AiT)

XS
SM
MD
LG