Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Кыргызстан түштүгүнө газ берүү маселеси Москвада көтөрүлдү


Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин Москвада “Газпромдун” башчысы Алексей Миллер менен 29-апрелдеги жолугушуусунда, 14-апрелден бери газсыз калган Кыргызстан түштүгүн газ менен камсыздоо маселеси көтөрүлдү. “Газпромдун” жетекчиси бул маселени тез арада чечүү үстүндө иш жүрүп жатканын билдиргенин Осмонбек Артыкбаев маалымдады:

- Биринчи маселе түштүктөгү газ маселеси болду. Ошону тез арада чечүү үчүн тапшырма берилди. Иш жүрүп жатат. Ал жерде маселени чечебиз деп айтышты.

Бирок түштүк регионго газдын качан берилиш мөөнөтү так айтылган эмес. (AiT)

XS
SM
MD
LG