Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

“Газпром” Оштогу газ маселесин чечүүгө киришти


Бул туурасында “Азаттыкка” энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди. Анын айтымында, газ качан берилери тууралуу так айтылган жок, бирок жакын арада “Газпром” Өзбекстан менен сүйлөшкөнү жатат. “Газпром” Кыргызстанды кышында көгүлтүр от менен атайын пландын негизинде үзгүлтүксүз камсыздай турганын убада кылууда.

Мындан тышкары жаңы курулуп жаткан үйлөргө жылуулук жана ысык сууну газ аркылуу алып келүү боюнча жаңы технологияны киргизүү жагы пландалып жатат. Бул долбоор 2015-жылдан тарта ишке аша турган болсо, ар бир көп кабаттуу турак үйдүн жанына атайын газ жабдуу курулат.

29-апрелде премьер-министр Жоомарт Оторбаев башында турган делегация Орусияга жөнөп кеткен. Ал жакта кыргыз-орус кызматташуусуна байланыштуу орчундуу маселелер боюнча сүйлөшүү жүрүүдө.

Ошто 14-апрелден бери газ жок. (AzK)

XS
SM
MD
LG