Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

Кармалган журналист пара албаганын айтууда


Жалал-Абадда "пара алды" деген шек менен кармалган гезит редактору эч кимден акча талап кылбаганын, болгону "гезит чыгаруу үчүн мүмкүнчүлүгүнө жараша демөөрчүлүк кылууну" сунуштаганын айтууда. Бул тууралуу "Кара-Көл үнү" гезитинин редактору Жолдошбек Алиев өзү бүгүн "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, гезит каражат жоктугунан үч айдан бери чыкпай жатат.

УКМКнын бүгүн кабарлаганына караганда, Жалал-Абадда "Кара-Көл үнү" гезитинин редактору "150 миң сом талап кылды" деген шек менен шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды. Ал бир жаран тууралуу жашыруун маалыматты "ачыкка чыгарам" деп коркутуп, пара алып жаткан жеринен кечээ, 29-апрелде кармалганы айтылууда. Тергөө жүрүп жатат. (YA)

XS
SM
MD
LG