Бул тууралуу украин өкмөтүнүн бүгүнкү жыйынында президенттин милдетин аткаруучу Александр Турчинов билдирди. Турчинов бул жөнүндө орусиячыл жикчилер өлкөнүн чыгышындагы шаарлардын дагы биринде административдик имараттарды басып алгандан кийин айтты. "Орусиянын Украинанын ичкери аймагында согуш баштоо коркунучу реалдуулукка айланууда" деген Турчинов бирок украин аскерлери да толук күжүрмөн даярдыкка келтирилгенин кошумчалады.
Орусиячыл жикчилер акимчилик жана полиция имараттарын Украинанын чыгышындагы Горловка шаарында басып алышкан. Жабыр тарткандар тууралуу азырынча маалымат түшө элек.
Жалпысынан ушу тапта Украинанын чыгышында орусиячыл ондон ашуун шаар менен шаарчанын акимчилик жана полиция имараттары жикчилердин колунда турат.