Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

ТИМ: Британия Кыргызстанга кош стандарт мамиле кылууда


Кыргызстан Улуу Британияны "кош стандарт мамиле кылууда" деп сындап чыкты. Бул тууралуу билдирүү тараткан кыргыз Тышкы иштер министрлиги бүгүн тиешелүү нота Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчисине тапшырылганын кабарлады.

Кыргыз тарап Украинада мурдагы бийлик тушунда уурдалган мамлекеттик байлыкты издөөгө британ өкмөтү дароо макулдугун берип, азыркы украин бийлигине жардамдашып жатканын, ал эми Кыргызстандан Бакиевдер алып чыгып кетти деген каражатты камоо, аларга башпаанек бербөө өтүнүчүн аткарбай келатканына "катуу өкүнүчүн" билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG