Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Таштанды талаасындагы турмуш

Бишкектин чеке белиндеги таштанды талаасына көп жылдардан бери шаардан чыккан акыр-чикирлердин баары төгүлүп отуруп, учурда бут коерго жер жок. Дээрлик 30 гектар жер катмар-катмар таштандыга толгон. Бишкекте таштанды төкчү башка жай жок болгондуктан иттин өлүгүнөн баштап, тамак-ашка чейин ушул жерге чогулат. Таштанды талаасынан ондогон адамдар кагаз кутуларды, темир-тезектерди, желим баштыктарды чогултуп үй-бүлө багышат. Керек болсо таштанды талаасын бөлүп алышкан. Жергиликтүүлөр жаңы келгендерди таштанды көп төгүлгөн аймакка киргизишпейт.

Дагы жүктөңүз

16x9 Image

Уланбек Эгизбаев

Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген «ЖЭБ: 386 млн. доллар кайда короду?», «Бажыдагы уурулук», «Темир жолдогу жемкорлук», «Музейге сарпталган миллиондор», «Мансаптуулардын жер бизнеси», «Саясатташкан мумия» өңдүү ондогон курч видеоиликтөөлөрү менен таанылган.

2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган. Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

XS
SM
MD
LG