Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:00

Шаардык сот Эсенамановду актады


Бишкек шаардык соту мурдагы жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов баштаган министрликтин алты кызматкерин актады. Бул тууралуу аталган соттон кабарлашты.

Былтыр апрель айында Улуттук коопсуздук комитети Эсенамановго Кылмыш кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, “лицензиялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда мыйзам бузган” деген беренелер боюнча кылмыш иш козгогон. 2011-жылы Замирбек Эсенаманов төрагалык кылган кен байлыктарын пайдалануу боюнча комиссия Жалал-Абаддагы Көк-Жаңгак көмүр кенин иштетүүгө өкмөттүн уруксатысыз 4 лицензия берген деп айыпталган. Буга чейин борбордун Биринчи Май райондук соту Эсенамановду актаган чечим чыгарган. Бирок буга макул болбогон прокуратура шаардык сотко арызданган болчу.

Замирбек Эсенаманов 2010-2011-жылдары жаратылыш ресурстары министри болуп эмгектенген.(BkA)

XS
SM
MD
LG