Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:05

Түрк прокуратурасы Фетхулах Гүленге каршы кылмыш иш ачты


Түркиянын прокуратурасы АКШда жашаган Ислам динаятчысы Фетхулах Гүленге каршы "өкмөттү кулатуу аракетин жасаган" деген шек менен кылмыш иш ачканын түркиялык маалымат каражаттары кабарлайт. Бир күн мурун премьер-министр Эрдоган Кошмо Штаттардан Гүленди Түркияга экстрадициялоону өтүнө тургандыгын билдиргенин дагы жергиликтүү медиа маалымдайт.

Эрдоган Гүленди "түрк өкмөтүн кулатуу үчүн кутум уюштуруу максатында жашыруун тасмаларды тарттырган" деп айыптоодо.

Түркия расмий түрдө Гүленди кылмышка шектүү деп, ага издөө жарыялагандан кийин гана Кошмо Штаттарга кайрылып, миллиондогон жолдоочулары бар динаятчыны экстрадициялоону өтүнө алат.

XS
SM
MD
LG