Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү катары белгиленип келген бул күнү Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармониянын алдында майрамдык митинг жана концерт болот. Ал Кыргызстан кесиптик кошуундар федерациясы тарабынан уюштурулат. Мугалимдер, соодагерлер, социалдык тармактардын кызматкерлери иш-чарада куттуктоо сөздөрү менен кошо өздөрүнүн көйгөйлөрүн да ортого салышат. (AiT)