Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Улуу Британия Бакиевдер боюнча кайрылууга жооп бере элек


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Максим Бакиевди өткөрүп берүү боюнча Улуу Британиянын тиешелүү мекемесине жиберген былтыркы өтүнүчүнө жооп ала элек. Бул тууралуу "Азаттыкка" Баш прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулу билдирди. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу коррупцияга аралашкан, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келишимдерди түзгөн деген өңдүү бир катар айыптардын негизинде 2013-жылдын мартында 25 жылга эркинен ажыратылган. Апрель ыңкылабынын маалында четке чыгып кеткен Максим Бакиев азыр Британияда баш калкалап жүргөнү маалым.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "кош стандарт мамиле кылууда" деп сындаган нотаны Британия Тышкы иштер министрлигине жолдоп, аны 30-апрелде элчисине тапшырган. Нота жолдоого Украинанын мурдагы бийлик тушунда уурдалган мамлекеттик байлыгын издөөгө британ өкмөтүнүн макулдук бериши негиз болду. Бакиевдер алып чыгып кетти деген каражаттарды тосмолоо, кылмышкер саналгандарга башпаанек бербөө өтүнүчүн аткарбай келатканы үчүн кыргыз тарап британ бийликтерине кабатыр.(BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG