Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:34

Камбар-Ата-2 ГЭСин куруунун мыйзамдуулугун тергөө тобу териштирет


Камбар-Ата-2” ГЭСинин курулушундагы каржылык көз боёомочулук боюнча дооматтарды Башкы прокуратура атайын тергөө тобун түзүп, иликтейт. Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын билдиргенине караганда ГЭСтин курулушуна бөлүнгөн каражаттын максатсыз чыгымдалышы боюнча буга чейин беш кылмыш иши козголуп, бирок, тиешелүү адамдар жоопко тартыла элек.

“Камбар-Ата 2” ГЭСинин курулушу 2007-жылы башталган. Ага кыргыз өкмөтү Орусиядан 100 миллион долларлык насыя алган. Бул каражаттын көпчүлүгү максатсыз пайдаланылган деген жүйөөнү Апрель окуясынан кийин келген бийлик билдирип чыккан болчу.(KJ)

XS
SM
MD
LG