Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:48

Орусия ЕККУга ортомчу болууну сунуштады


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Европа коопсуздук жана келишим уюмун Киев менен Украинанын түштүк-батышындагы орусиячыл жикчилдердин ортосунда сүйлөшүүлөргө ортомчу болууга чакырды. Лавров бул тууралуу Перудагы сапары учурунда Россия-24 каналына берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Орусия ЕККУнун ортомчулугундагы сүйлөшүү жыйынтыктуу болот деп ишенет. Украин бийликтери өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин артында Орусия турат деп айыптап келет.

Бүгүн Орусиянын Киевдеги элчилигинин аскер атташеси тыңчылыкка айыпталып кармалганы белгилүү болду. Маалыматка караганда, өлкөнүн коопсуздук күчтөрү дипломатты 30-апрелде тыңчылык аракетин ишке ашырып жатканда кармап, өлкөдөн чыгып кетүүнү буюрду.

XS
SM
MD
LG