Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Түркия полициясы Таксимге келген демонстранттарды кубалады


Түркия полициясы 1-майдын урматына чыккан демонстранттарды кубалады.

Стамбулдун Таксим аянтына кирүүгө аркеттенген миңдеген демонстрантты таратуу үчүн түрк полициясы суу бүркүгүч жана көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган демонстранттарга Таксимде чогулууга үмүт артпоосун өткөн аптада эле эскерткен.

Бирок активисттер менен солчулдардын уюмдары бийликтин тыюусуна баш ийбөөнү убада кылышкан эле.

Жүздөгөн полицейлер демонстранттардын жолун ал наарзылык кыймылынын символуна айланган аянттын кире беришине коюлган баррикадалардан өтүүгө аракеттенгенде эле торошту.

Стамбулга бүгүн 40 миңге жакын полициячы, полициянын суу бүркүгүч жана онго жакын брондуу унаалары жайгаштырылды.

Түрк полициясы менен демонстранттарынын былтыр 1-майдагы кагылышуусунун арты премьер-министр Эрдогандын бийлигине каршы ири нааразылык акцияларына алып барган эле.

Анда да бийликтер Стамбулдун Таксим аянтына чогулууга тыюу салышкан болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG