Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:08

Ирак: Нури ал-Малики шайлоодо партиясынын жеңерине ишенет

Ирактагы парламенттик шайлоодо учурдагы премьер-министр Нури ал-Малики өз партиясынын жеңишке жетерине ишенет. ал-Малики өзү жетектеген "Мамлекет жана мыйзам" аттуу бирикмеси шайлоочулардын көпчүлүгүн добуш аларынан шек санабай турганын билдирди. 2011-жылы өлкөдөн америкалык аскерлер чыккандан кийин биринчи парламенттик шайлоо 30-апрелде өттү. Анда парламенттеги 328 орун үчүн 277 саясий топтун 9 миң талапкери ат салышты. Ирактын жүз миңдеген аскерлери, полиция кызматкерлери коопсуздукту камсыз кылып турушту. Буга карабай зордук-зомбулуктар орун алып, андан 14 киши набыт болду. 16 адам адам жараат алды.
XS
SM
MD
LG