Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Йеменде жок кылынган жоочулардын лидери Өзбекстан жараны болчу


Йемен өкмөттүк күчтөрү "ал-Каиданын" 13 мүчөсүн, анын ичинде алардын лидери саналган өзбек жаранын жок кылышты. Абьян жана Шабва провинцияларында өкмөттүк күчтөрдүн 1-майдагы чабуулу учурунда Абу Муслим ал-Узбеки өлтүрүлгөн. Ал Өзбекстандан Йеменге 2011-жылы келип, чөлкөмдөгү "ал-Каиданын" лидери саналган. Өкмөттүк күчтөрдүн 29-апрелде башталган операциясында жоочу деп шектелген 28 киши жана 24 аскер набыт болгон. (AiT)

XS
SM
MD
LG