Бүгүн, 2-майда түндүк менен түштүктү байланыштырчу жаңы жолдун курулушу расмий башталат. Иш чара Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында болот. Ага өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди
Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруу демилгесин президент Алмазбек Атамбаев көтөргөн. Ош - Бишкек жолуна альтернатива болчу түндүк-түштүк же башкача айтканда, Жалал-Абад - Балыкчы жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Балыкчы жана Жалал-Абад шаарларын бириктирген жол Кочкор - Чаек – Көкөмерен - Казарман аркылуу өтөт.
Долбоорду Кытайдын “Экспорт-Импорт” банкы каржылайт. Атаандаш жол үч фазага бөлүнүп, курулушун кытайлык “Чайна роуд” компаниясы жүргүзө. Жолдун курулушунун жалпы баасы 850 миллион америка долларына бааланган. (TS)