Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

Бажы биримдигине кирүүнүн “жол картасы” талкууланат


Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын кезектеги отуруму кийинки аптада Москвада өтөт. Бул тууралуу премьер-министрдин кеңешчиси Олег Панкратов билдирди. Анын айтымында, 12-майга белгиленген бул отурумда “жол картанын” акыркы варианты талкууланышы мүмкүн.

Ушул аптада премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин Москвага сапарында "жол картасы” толук макулдашылып бүткөнү, май айынын аягында Евразия экономикалык шериктештигинин саммити болуп, анда Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү боюнча чечимин жарыяланары маалымдалган.(BkA)

XS
SM
MD
LG