Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:13

Бишкекте түнкү клубда от-шоудан беш адам жабыркады


Бул тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунан кабарлашты. Аталган ооруканага өткөн түнү 5 кыз кайрылган. Бишкектеги түнкү клубдардын биринде бармен от менен шоу көрсөтүп жатканда капысынан өрт чыгып, кыздар жабыркаган. Экөөнүн бети жана колу күйүп, ооруканага жаткырылды. Абалы канааттандырарлык. Ал эми үчөөнө алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө коё берилди. (BkA)

XS
SM
MD
LG